Кетмен-Дөбө айыл аймагында акыркы 20 жылда мындай аба-ырайы катталган эмес дешет Терек-Суу айылынын улуу курактагы тургундары
Терек-Суу айылынын 60 жаштагы тургуну Урмат Масирбаевге «бүгүнкү аба-ырайы кандай болуп жатат» деп суроо узатканыбызда төмөндөгүдөй жооп берди: «Азыр баардык эле нерселер өзгөрүп жатпайбы ошого аба-ырайы да өзгөрүп жатат окшойт. Кичине кезимде эсимде жок, бирок эс тарткандан бери биздин аймака ноябрь эмес декбарь айынын этегинде барып каара жаачы эле быйыл башкача катаал аба-ырайы болуп жатат». деди айыл тургуну.
Эмнеси болсо дагы элибизде тынчтык, бакуубатчылык болсун!
Бул макаладагы сүрөттөр 2018-жылдын 22-ноябрь күнү тартылган.
Даярдаган: Н.Мырсырайымов