“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылда аткарган иштери боюнча элдик чогулуш болду

23 Ноябрь 2018 жыл 9:55
Көрүүлөрдүн саны: 144

 Чогулуш 2018-жылдын 21-ноябрь күнү  Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Сатымкулов Майорбек Асанкановичтин  жана райондук мекеме жетекчилеринин катышуусунда жүрдү

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 10 ай ичиндеги аткарган иштери боюнча Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Чороевдин отчеттук маалыматынын негизгилери болуп:

— Терек-Суу айылына салынып жаткан жалпы баасы 10 млн сомдук спорт зал,

— Кырк-Казык айылына курулган  ФАП имараты 2,5 млн сом,

— Чоң-Арык айылынын Мүкөш көчөсүнүн 1600 метр жерине коюлуп жаткан түнкү  жарыктандыруу 800 000 сом,

— Турусбек мектебинин жылытуу системасын оңдоо 1,5 млн сом

— “АРИС” уюму тарабынан келген техникалар: пресподборщик, фронтальный погрузчик, Тратор МТЗ 82.1 техникалары 5 748 000 сом. Мындан сырткары да көп иштерди жасагандыгы жөнүндө айтылды.

Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими-М.Сатымкулов:- «Айыл өкмөтүндө аткарылган иштерге токтолуп: жарыктандыруу, жаңы типте салынган турак жайларга, Терек-Суу айылы боюнча элдин жашоо тиричилиги–суусу жылуу, жашоого турмуш шарты бар чоң тойканалар салынып, турмуштун өзгөргөнү көрүнүп турат. Спорт зал салынып бүткөнү турат, баардык өкмөттүн иш чаралары элдин жашоо тиричилигин жакшыртууга арналган.»- деп кошумчалады.

Чогулуштун жүрүшүндө Таза-Суу, таштанды, Турусбек мектебинин кичине корпусун бүткөрү, электр энергиясы боюнча жана башка көптөгөн элдин көйгөйлөрү болгон маслелер каралып, жыйынтыгында токтом кабыл алынды.

Бул чогулуш боюнча толук маалыматты  ketmendobo.com   сайтынан ала аласыздар.

Даярдаган: Н.Мырсырайымов