“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Айтматовдун 90 жылдыгына карата адабий кече өткөрүлдү

27 Ноябрь 2018 жыл 7:47
Көрүүлөрдүн саны: 29

Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Коргол атындагы музей, китепканалар, маданият кызматкерлери жана мектептер менен биргеликте «Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына» карата адабий иш чара өткөзүштү.

Иш чара залкар жазуучу Чыңгыз Айматовдун чыгармаларынан көркөм окуулар, сүрөт көргөзмө жана концерттик программа менен коштолду.

«Чыңгыз атабыздын 90 жылдыгына атайын адабий иш-чара өткөрүп жатабыз муну белгилебей коюу мүмкүн эмес, себеби биз эле эмес мындай иш чараны  дүйнө жүзүндө өткөрүп жатышат, мисалга Туркияда өтүп жатат, Россияда кыргыздар кыйналып жүргөнүнө карабай өткөрүп жатышат. Бүгүнкү иш чарага катышкандардын баарына рахмат айтам»- деди уюштурчулардын бири Коргол атындагы музейдин жетекчиси Турсункан Досуева.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов