“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Берекелүү күз майрамы

30 Ноябрь 2018 жыл 12:19
Көрүүлөрдүн саны: 110

Терек-Суу айылына караштуу №5 Кызгалдак балдар бакчасында «Берекелүү күз» аталышындагы түшүм майрамы өткөрүлдү.

«Биз №5 Кызгалдак бала бакчасында жыл сайын ушундай «Алтын күз» же «Берекелүү күз» аталышындагы иш чараларды уюштуруп келебиз. Бул иш чаранын негизги максаты күздүн кандайдыр бир өзгөчөлүгүн, кооздугун жана берекесин  чагылдырган столдорду даярдап, жаш өспүрүм балдарга тааныштыруу» — дейт балдар бакчасынын тарбия башчысы Назгүл Асыранкулова.

Жогорку тайпанын балдары өсүмдүктөр, жер-жемиштер жөнүндө ырларды айтып, бийлеп беришип өз өнөрлөрүн көргөзүштү.

даярдаган: Нурбек Мырсырайымов