“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Эки айылдын спортчулары 100 000 сомдон мелдешип КӨК-БӨРҮ ойношту

10 Декабрь 2018 жыл 7:48
Көрүүлөрдүн саны: 54

2018-жылдын 5-декабрь күнү Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол жана Терек-Суу айылдарынын спортчулары 100 000 (жүз миң) сомдон мелдешип көк-бөрү ойношту

 Бул мелдештин уюштуруучусу, Терек-Суу көк бөрүчүлөрүнүн капитаны Алтынбек Бекматов: «Бул мелдеш негизинен эки айылдын достугун, ынтымагын чындоо үчүн уюштурулду. Мындай оюндарды башка коңшу айылдар менен да өткөрүп турабыз. Азыр көк бөрү оюну дүйнөгө бир белгилүү оюнга айланып баратбайбы, ошол себептен бизде да бул оюнга кызыкан жаштар абдан көп»:- дейт спортчу.  Мелдеш 20 минутадан 3 тайм менен өткөзүлдү. 1-тайм Терек-Суу 1-0 менен жеңди, 2-тайм Терек-Суу 2-0 менен жеңди, 3-таймда да Терек-Суу 3-0 менен жеңип оюн аяктады.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов