“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Эл өз күчү менен жолду түздөп, көчөнү жарыктандырды

25 Январь 2019 жыл 7:32
Көрүүлөрдүн саны: 73

Терек-Суу айылынын качы көчөсүнүн тургундары 20 түтүн үй-бүлө акча чогултуп көчөгө 19 хово автомашинасы менен шагыл төктүрүп, айыл өкмөтүнүн техникасы менен түздөтүп, өздөрү да кол менен түздөөгө жардам беришти. Мындан сырткары 2019-жылдын январь айында 20 столбага жарыктандырууларды орнотушту

«Бул ишти негизинен жаштар уюштуруп ишке ашырышты. Азыр көчөбүздүн жолу асфалтагыдай эле болуп калды, кечкисин жарык абдан жакшы болуп калды.  Эми иштин жыйынтыгын көрүп алышып айылдын башка көчөлөрүндөгү адамдар кызыгып канча сом кеткенин, кимдер уюштурганын  сурап жатышат» дейт: -Качы көчөсүнүн тургуну уюштуруучулардын бири Абдалы Чирикбаев.

Даярдаган: Нурбек  Мырсырайымов