“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Ааламга жол айылдан башталат

21 Февраль 2019 жыл 11:29
Көрүүлөрдүн саны: 211

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык  айылынын кире беришине арка орнотулуп, негизги көчөлөрүнө электр жарыктары коюлду.

Кетмен –Дөбө айылдык кеңештин депутаты Кукун Кыпчакбаев жарыктандырууларга жалпысынан 845 миң сом акча каражаты сарпталгындыгын билдирди. — “Мени айылдык кеңештин депутаттары жарыктандыруулар боюнча комиссиянын төрагасы кылып дайындашкан. Бул жарыктандыруулар үчүн Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнөн 845 миң сом акча бөлүнгөн.Ошол акчанын негизинде 1600 метрге жарыктар берилип айлдын кире беришине арка  коюлду. Ар бир столбанын аралыгы 25 метрден болгондо жалпысынан 64 столбо орнотулду.Өчүрүп жана күйгүзүү атайын автоматташтырылган.Кечки саат жетиде күйүп, таңкы жетиде өчүп калат. Бул боюнча тендерден утуп алган өзүнүн тийиштүү адистиги бар, фирманын жумушчулары иштешти. Жарыктар коюлуп жатканда айыл элинин коопсуздугу сыяктуу баардык эрежелер  эске алынган”,- деп билдирди ал.

Жумушчулардын бири Кенжебек Мамытов төмөндөгүдөй оюн билдирди:- Биз  ЖЧК «МАТЕЛЛАнын»   жумушчулары катарында иштедик. Жалпысынан 4 жумушчу болуп, бул жарыктандыруулар үчүн 20 күн эмгектендик. Каражаттар боюнча айыл өкмөтүнө эч кандай нааразычылыктар болгон жок. Маянабызды өз убагында берип туруштту. Ар бир столбанын түбү  1 метрден казылып терендетилип, мыкты сапатта коюлду. Эл үчүн кызмат кылуу биз үчүн чоң сыймык”.

Чоң-Арык айылынын тургуну Акчайым Өмүрбаева айылдын өнүгүшү, мекендин өнүгүшү экендигин  баса белгилейт:-  «Ааламга жол айылдан башталат дегендей Кыргызстаныбыздагы аймактар өнүксө анан өлкөбүз өнүгөт. Көчөлөргө жарыктар коюулуп, айылыбыздын ичи кечкисин бир топ кооз  жана жарык болуп калды. Биз абдан сүйүнүп жатабыз. Ушул демилгени колго алып, айыл элинин  камын ойлогон Кетмен –Дөбө айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңешттин депуаттарына чон ыраазычылык билдирем».

Даярдаган: Бурулсун Уланбек кызы