“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Рамазан айы тууралуу кызыктуу 10 факт

29 Апрель 2019 жыл 9:23
Көрүүлөрдүн саны: 42

Бир жылда 1 гана жолу келүүчү Ыйык Рамазан айы — мусулмандар көптөн-көп күткөн ай. Бул айдын келерине саналуу гана күндөр калды. Рамазан айы тууралуу кандай кызыктарды билесиздер? Төмөндө биз ушул жөнүндө кызыктуу фактыларды топтогонго аракеттендик.

1. “Рамазан” сөзү арабчадан которгондо “аптап”, “күйгүзүүчү”, “ысык” деген маанилерди билдирет.

2. Рамазан убактысындагы орозо араб тилинде “саум” деп аталат. Ислам энциклопедиялык сөздүгүнө караганда, саум күн чыккандан күн батканга чейинки убакытта тамак-аш жана жыныстык катнаштан оолак болуу дегенди түшүндүрөт.

3. Орозодо кулак, көз, тил, кол, буттар да орозо кармашы керек. Бул деген – ушак сүйлөбөө, күнөө иштерди кылбоо дегенди туюндурат.

4. Айрым өлкөлөрдө Рамазанда орозо тутпагандарга айып пул жана коомдук жумуш сыяктуу жаза берилет.

5. Өлкөлөргө жараша орозо тутуу убактылары айрымаланат. Эң кыска орозо тутуу мезгили Австралияда жашагандарга туура келет – 9 саат, Ал эми эң узак Скандинавияда – 20 саат, Швеция менен Исландияда 22 саат.

6. Дубайдагы Бурдж-Халиф асман тиреген имараттын жашоочулары да оозун ар башка убакытта ачышат. Бөлмөлөрү 80-кабаттан 149-кабатка чейин орун алган жашоочулар ооздорун башкалардан 2 мүнөт кечирээк ачышса, 150-кабаттан өйдө жашагандар 3 мүнөткө кеч ачышат.

7. Рамазан айы экономикага таасир этет. Окумуштуулар мындай кызык жыйынтыкка келишкен: эгерде орозонун узактыгы 1 саатка кыскарса,өлкөдөгү экономикалык өсүш 0,6-0,9%га көбөйөт. Тескерисинче, эгер, орозо убактысы узарса, экономиканын өсүшү жайлайт.

8. 2017-жылдан баштап 16-17 жыл аралыгында орозонун убактысы акырындык менен кыскарып жүрүп отурат.

9. Рамазанда бир катар мусулман өлкөлөрү жумуш күндөрүн кыскартышат. Муну менен алар элдин кошумча ибадаттарга көбүрөөк убактысы болушуна мүмкүнчүлүк беришет.

10. Бир катар өлкөлөрдө Рамазан айында акысыз массалык ооз ачуу тамактары берилет. Анын ичинде Кыргызстанда да массалык ооз ачуу тамактары уюштурулат. “Рамазан Чатыры” деп аталган уникалдуу кайрымдуулук жана социалдык долбоордо күн сайын 250 муктаж адамга ифтар тамактары берилген.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов