“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Турусбек мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү жаштарды спортко үндөдү

13 Май 2019 жыл 6:51
Көрүүлөрдүн саны: 53

Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинин 1982-жылы туулган 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү жаштарды дени сак жашоого багыттап, спорттук оюндарды уюштуруп беришти.

«Бул спорттук иш чараны бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен классташтарыбызды эскерүү менен жаштарды ынтымака жана дени сак жашоого тартуу максатында уюштурдук. Спорттук оюндарга жалпы 35 000 сом сарпталды. Оюндарга 8 айылдын 200 ашык оюнчулары катышып, абдан кызыктуу өттү деп ойлойм»
-дейт 1982-жылы туулган Аваз Жуманов
Волейбол, футбол, ордо жана эркин күрөш боюнча оюндар өткөрүлдү.

Даярдаган Нурбек Мырсырайымов