“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Электр энергиясын үнөөмдөнү үйрөнүңүз!

30 Июнь 2019 жыл 5:40
Көрүүлөрдүн саны: 62

Көпчүлүк мекендештерибиз бир нече ай бою бир бөлмөдө кыштап чыгат. Беш бөлмөлүү үйү болобу, он беш бөлмөлүү болобу, баары бир бир бөлмөнү гана жылытышат. Бир кышта колунда барлары жарым миллион сомго чейин энергия жакса, эң жарды дегени 10-15 миң сом коротот. Бирок өлкөдө энергияны эффективдүү пайдалануу маданияты төмөн болгондуктан, үйдү жылуулап алгандын ордуна кыштан үшүп чыкканга туура келет же акчанын күчүнө салышат.
Адистердин эсептөөсүндө үйлөрдү жылуулоо менен 40 пайыз энергияны үнөмдөп калса болот.

https://www.playbuzz.com/item/da794a60-2544-492c-88bc-30850c474057

Отунду ашыкча керектөө атмосферага күйүүдөн пайда болгон таштандылардын бөлүнүп чыгуусун көбөйтөт, адамдардын жашоо чөйрөсүн начарлатат.
Жалаң электр энергиясы менен жылытууда электр тармактарына түшкөн басым өсүп, авариялык кырдаалдарды жаратып, маал-маалы менен өчүрүү зарылчылыгын пайда кылат.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов