“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

«Музей түндөрү» иш чарасы өткөрүлдү

5 Август 2019 жыл 8:43
Көрүүлөрдүн саны: 67

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында жайгашкан «Коргол Досуев» атындагы музейинде 1-жолу «Музей түндөрү» иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Токтогул райондук администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Жайылов, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери, Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысы Илияз Чороев жана Токтогул райондук мекеме жетекчилери катышты.
Иш-чара концерттик программанын коштоосунда жогорку деңгээлде уюштурулду. Саат 18:00 башталып, 23:00 аяктады.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов