“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Өзгөчө ыссык аба ырайы эгиндерди кууратты

15 Август 2019 жыл 12:03
Көрүүлөрдүн саны: 76

2019-жылдын июль айындагы аба ырайынын өзгөчө ыссышы эгиндерге агын суунун жетишсиздигин пайда кылды. Насос менен суугарылуучу Терек-Суу айылындагы Барчын, Ууру-Сай участкаларындагы 30га ашык жердеги эгиндер куурап калды.
Бул жерлер Терек-Суу айылынын тургундарына 1962-1970-жылдары Токтогул суу сактагычынан көчүрүү мезгилинде бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн жерлер кумдак келгендиктен сууну көп талап кылып, ыссык аба ырайы болгон жылдары суу жетишпей эгиндер куурап түшүм бербей калат.

https://www.playbuzz.com/item/527d299a-254b-49db-ae57-775e09d3e5e4

Жогоруда бир нече адамдын дан эгиндери мисал катарында көрсөтүлдү. Мындан башка да 15га чөп чабындылар (беде), 5га картошка, 2га жашылча жемиштер, күндүн ыссыгынан жана суунун тартыштыгынан куурап калган.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов