“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча акция өткөрүлдү

26 Декабрь 2019 жыл 5:28
Көрүүлөрдүн саны: 54

Терек-Суу айылында 16 күндүк Гендердик теңсиздикке жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү кампаниясынын алкагында иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чарада мектеп окуучулар жана ата-энелерге элеттен чыккан алдыңкы аялдар жана кыздар, аялдын күчтүүлүгүн, кайнене келин мамилесин чагылдырган видеотасмалар көрсөтүлдү. Видеотасманын бири “Спутник курган кыздар”, мында бизге стереотип болуп калган кыз кишилер муну кыла албайт деген түшүнүктү жок чыгарышууда. Мындан сырткары «Элеттик айымдар» видеотасмасында да элеттик айымдардын эркек кишилер жасай албаган иштерди жасагандыгы чагылдырылган. Видеотасманын акырында көрүүчүлөр менен биргеликте талкуу болуп, ойлору угулду.

Андан тышкары, ала качуу, зордук-зомбулук, кыздарга сак болуу боюнча кеп-кеңештерди камтыган таркатма маалыматтар таратылып, «Туура чогултуңуз» аттуу интерактивдик оюну көрсөтүлдү.Таркатма материалдар «Айкын багыт» коомдук фондунан алынды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү “Аялдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулук” темасында фейсбук баракчабызда түз эфир менен уланды. Конокто Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Жылдыз Эсенбекова, айыл өкмөтүнүн башкы адиси Урмат Масирбаев, Турусбек мектебинин замдиректору Урмат Ашырбаев, мектептин соцпедагогу Сүйүнт Нургазиев болду. Айыл аймагыбыздагы абал, зордук-зомбулукту алдын алуу, күрөшүү, себептери тууралуу сөз болду.

Бул иш-чара Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылып жана БУУнун Демократиялык Фонду тарабынан каржыланган «Гендердик теңчиликти Жамааттык ЖМКлар аркылуу жайылтуу долбоорунун» алкагында ишке ашырылды.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов