“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылына баардык шарты менен заманбап күрөш залы ачылды

13 Январь 2020 жыл 7:33
Көрүүлөрдүн саны: 49

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылына замандын талабына жооп берген, баардык шарты ыңгайлаштырылган, заманбап спорт залы ачылды. Спорт залдын курулушу 2018-жылдын март айында башталып, 2019-жылдын декабрь айында аяктаган. Спорт залга жалпы 10 млн сом акча каражаты жумшалган. Спорт залдын каржы маселеси Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Токтогул районунун атайын эсебинен каржыланган.

Спорт залдын аты СССРнын эркин күрөш боюнча мастери Чалов кумарбек Иткаревичтин атынан коюлду. Спорт залдын ачылышына Токтогул районунун акими Таалайбек Жайылов, Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Токтогул районунун атайын эсебинин жетекчиси Таалайбек Чотоев, Токтогул районунун мэри Болот Болгонбеков жана Токтогул райондук мекеме жетекчилер катышты. Мындан сырткары залдын ачылышы эстрада ырчылары Назира Жетигенова жана Айгүл Чалованын ырлары менен коштолду.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов