“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2019-жылда аткарган иштеринин отчету боюнча жалпы элдик чогулуш болду

14 Январь 2020 жыл 6:21
Көрүүлөрдүн саны: 216

Кетмен-Дөбө айыл аймагында 2019-жыл ичинде аткарылган иштери боюнча Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Таалайбек Жайылов, райондук мекеме жетекчилеринин, жергиликтүү кеңештин депутатарынын катышуусунда жалпы элдик чогулуш болду. Чогулушка Терек-Суу жана Чоң-Арык айылдарынан 250 адам катышты.

1-маселеде Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Илиязбек Чороев 2019-жыл ичинде айыл аймагында аткарылган иштери боюнча докладын окуду. Аткарылган иштер сүрөттөрү менен слайдшоу аркылуу жалпы элге көрсөтүлдү.

2-маселеде жалпы элдин айтлыган көйгөйлөрү боюнча 2020-жылга иш-чара кабыл алынды.

1. Чоң-Арык айылындагы Таза суунун ремонт иштеринин башталганына 3 жыл убакыт болуп калды бирок эч кандай жыйынтык жок.
2. Калкты Таза суу менен камсыздоо кыйындап жатат. Насос күйүп кеткендиктен электродвигатель керек,акча каражаты керек.
3. Мал сугарууга ыңгайлаштырып жерди сүздүрүп берүү боюнча
4. Жаңы-Арык калктуу конушунун электр энергиясы баланска алынбай турат.Электр тогу өчүрүлөт.25 миңдей акча каражаты сарпталышы керек.
5. Мектепке кошумча корпус куруу боюнча.

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Таалайбек Жайыловдун берген тапшырмалары
1. Финансы жана экономика башчысы,салык кызматкерлери ар бир адамга салык төлөө боюнча маалымат таратып берүү.
2. Коомдук угууларды өтүү.
3. Чоң-Арык айылына бала бакча куруу боюнча өнүктүрүү фонду менен иш алып баруу.
4. Кошумча насостук станция куруу боюнча
5. Ар бир айылдардагы авариялык абалда турган стольбаларды эсептеп тактап чыгуу.
6. Чоң-Арык айылындагы трансформаторду ишке киргизүү боюнча

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов