“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Калпычылык ден соолукту талкалайт.

29 Январь 2020 жыл 13:19
Көрүүлөрдүн саны: 73

Сиз калп айтуунун ден соолукка зыян экенин уктуңуз беле?

Бир катар окумуштуулар, психологдор жана социологдор калп айтуу ден соолукка чоң зыян алып келерин илимий түрдө далилдешкен. Калп айтуу эмоционалдык стресс менен тыгыз байланышта болуп, натыйжада физикалык ооруларга алып келери бир катар эксперименттер менен тастыкталган.

«Окумуштуулар өзүн-өзү алдап көнгөн адамга башкаларды да алдоо жеңил экенин белгилешет».

1- Адам аң-сезимдүү түрдө калп айткан учурда организмде “каталарды таап чыгаруучу детектор” иштеп баштайт. А бул процесс болсо миндалиндин активдүүлүгүн күчөтүп, стресстик реакцияларды ишке киргизет.

2- Айтылган бир калп экинчи калптын айтылышына түрткү болот. Ошентип, көп калп айткан киши калптын казанынан чыга албай, бир калпты экинчи калп менен жабуунун аракетинде болуп калат. Бул аракет стресске алып келет. Узакка созулган стресс болсо ден соолукка өтө зыян. Ашыкча эмоционалдык жана физикалык чыңалууга жол ачат.

3- Адамдар кандайдыр бир терс эмоциялардан же көйгөйлөрдөн оолак болуу үчүн калп айтышы мүмкүн. Бирок жашоодогу биз үчүн жагымсыз болгон абалдар бир эле жолу болуп токтоп калбайт да. Ал кайталанып турушу мүмкүн. Ошондуктан, кийинки жагымсыз абалдан чыгуу үчүн сиз дагы бир жаңы калпты ойлоп табууга аркеттенүүңүз ыктымал. Бул үчүн дагы да көп эмоционалдык аракеттерди көрүү керек болот.

4- Калп айтуу адамдын мээсинин белгилүү бөлүктөрүнө терс таасирин тийгизип, өзгөрүүлөргө учуратат. Мээнин айрым бөлүктөрүнүн иштеши басаңдайт. Бул илимий түрдө далилденген.

5- Калп айтуу рак илдетинин күчөшүнө, ашыкча салмакка алып келет. Кан басымы жана жүрөк согушуна да таасирин тийгизет.

6- Адам калп айтып жатканда өзүн жакшы сезбейт. Башында калп айткан оңой сыяктанышы мүмкүн. Бирок бара-бара бул аракет сиздин эмоционалдык абалыңызга чоң зыянын келтирет. Адамдын өзүнө болгон баа берүүсү (самооценка) төмөндөйт.

7- Калп айткан киши кайда, качан болбосун, өзүн-өзү контролдоп, кайсы жерде эмне деп калп айтканын эстеп, калпы чыгып калбоосу үчүн тынчсызданышат. Калпычы анын калпын качан чыгарып салышат экен деп ар дайым коркунучта жүрөт.

8- Окумуштуулар изилдеп чыккан дагы бир өтө кызык нерсе, калпка аралашпаган, бирок бирөөнүн калпына күбө болуп жаткандардын ден соолугунда да жогорудагыдай физиологиялык реакциялар жүрөт. Эгер сиз калпка көп жолу күбө болсоңуз, анда ден соолугуңузда өзгөрүүлөр жүрүшү толук мүмкүн. Демек, калп, алдамчылык болгон жерге аралашпоо керек. Колдон келсе, калпты токтотууга аракеттенүү зарыл.

Калп айтууну кантип токтотобуз?

1. Көп калп айткан адам бара-бара муну адат кылып, кийин бул илдеттен арыла албай кыйналышы мүмкүн. Ошондуктан, калп айтуудан биротоло баш тарткан оң. Кыргыздарда “Калптын казаны кайнабайт”, “Кыңыр иш кырк жылда билинет” өңдүү таамай айтылган сөздөр бар.
2. Жалган айтуу менен ишеничти жоготуп алдыңызбы? Анда эмне себептен калп айтып жатканыңызды изилдеңиз. Себебин тапкандан кийин өзүңүзгө «экинчи калп айтпайм» деген убада бериңиз.
3. Эгер чындыкты айтуу кыйынчылык жаратса, унчукпай коюу эң мыкты чечим.
4. Чындыкты айтуу үчүн машыгуу керек. Мисалы, бир күндө бир нече чын сүйлөңүз.
5. Адамдагы баалу мүнөздөрдүн бири-чынчылдык. Ачык айтып, ак сүйлөгөн адам болуңуз.
Соңку сөз; «Таттуу жалганга караганда ачуу чындык ийгиликке жетелээрин унутпаңыз. Калп айтып шылдыңдан уят болуудан кутулам деп ойлобоңуз. Кыргыздарда “Калптын казаны кайнабайт”, “Кыңыр иш кырк жылда билинет” өңдүү таамай айтылган сөздөр бар».

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов