“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Бир килограмм кармин алыш үчүн кеминде 155000 миң кошениль өлтүрүлөт

28 Февраль 2020 жыл 13:47
Көрүүлөрдүн саны: 35

Кармин, С22Н200|3 — кызыл боёк; татаал органикалык кармин кислотасы. Кармин кызыл түстөгү зат. 130°С чейин ысытса карарат, 250°С ажырап кетет. Сууда жакшы эрийт. Кармин кислотасы кошениль куртунун ургаачысынан ысык суунун жана уксус кислотасынын жардамы менен бөлүнүп алынат. Кошениль заты байыртан бери эле жүндү жана жибекти боёодо колдонулуп келген. Кошениль курамында 10% Кармин кислотасы бар. Кармин кислотасынын алюминий тузу Кармин деп аталат. Ал косметикада, акварельдик боёкторду алууда, ошондой эле кондитердик буюмдар жана микроскопиялык изилдөөлөрдө препараттарды боёодо колдонулат. Кошениль заты Европанын Жер Ортолук деңизиндеги эмен жыгачында жашаган курт-кумурскалардан да алынат. Эмен жыгачынан алынган боёк Кермес кислотасы деп аталат. Ал кармин кислотасынан RСОСН3 группасы менен айырмаланат.

Даядаган: Нурбек Мырсырайымов

Булак: https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9A%D0%B0%D1%80%D0%BC%D0%B8%D0%BD