Садака-фитирди берүү (белгиленген өлчөмдө) ар бир колунда бар адамга важиб. Анткени Пайгамбарыбыз алейхис сапам “Садака-фитирди чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек” — деп бекиткенин азирети Умар айткан.
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө боюнча 2020-жылга карата садака-фитирдин баасын бекитти.
Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.
<img src="http://akbakai.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/11/2020/04/Cream-and-Light-Pink-Puppy-Infographic-Process.jpg" alt="" width="800" height="2000" class="alignnone size-full wp-image-2240"
Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов
Була: https://muftiyat.kg/