“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

2020-жылдагы Кадыр түн 19-майдан 20-майга караган түнү белгиленет.

14 Май 2020 жыл 11:28
Көрүүлөрдүн саны: 55

Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түн.  Абу Хурайра (Р.А.) Кадыр кечеси тууралуу Пайгамбарыбыздан сурайт Кадыр кечеси пайгамбардын заманасына эле таандыкпы же андан кийин да уланабы? Пайгамбар (С.А.В.) «Кыяматка чейин болот. «Эгерде Аллага бул максат болгондо Өзү эле айтып койбойт беле. Акыркы жети күндөн издегиле деди да, башка сураба!»- деди.

Кадыр кечесинин жашырылып сыр болуусунун себеби:

  1. Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда анда жалкоо табияттар бүгүн Кадыр кечеси деп калган күндөрү түнкү ибадаттарды таштап салмак.
  2. Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө  белгиленип калганда, кайсыл бир пенде кокусунан ал кечени тосо албай калса, калган түндөрү өкүнүп калмак.
  3. Канча кече үмүт кылып Кадыр түн тоссо, ар бирине өз алдынча сооп алат

Ал эми «кадыр» деген сөз, ислам окумуштуулары тарабынан үч түрдүү чечмеленген:

  1. «Өкүм түнү» дегендикке жатат. Буга ылайык кадыр түн дегенибиз «Аллах Тааланын тагдырында өкүмү чыгарылган иштердин анык ажыратылган түнү» маанисинде түшүндүрүлөт. Бул жерде айтылып жаткан «тагдыр» эзелки белгилеп коюлган өкүм-чечимдердин ачыкка чыгуусун билдирет.
  2. «Кадыр-баалуулук, улуулук» – деген мааниде. Буга ылайык кадыр түнү «өтө кадырлуу, улуу түн» дегенди билдирет.
  3. «Тардык, кысылуу маанисинде. Мындай болгондо кадыр түнү «кысылуунун, тардыктын түнү» деп чечмеленип, бул түндө жер бетине түшкөн сансыз периштелерге жер тардык кылаары жөнүндөгү баяндоолор негизинде түшүндүрүлөт. Кээ бир ислам окумуштууларынын пикиринде, «кысылуудан» максат, акыр аягында зор жакшылыктардын жүзөгө ашуусун шарттаган чон иштердин корулуусун билдирет. Эстеп көргөн болсок, Курандагы алгачкы аян сүйүктүү Пайгамбарыбызга(САВ) Жебрейил периштенин катуу кысуусу менен башталган.

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?

  1. Кадыр түндүн күндүзүн да кудум түнүндөгүдөй өткөрүү чон сооптуу иш. Мындай кылганда касиеттүү түндүн рухтарга тараткан нурунун жаркыны мусулмандардын жүрөгүндө терен сезилет.
  2. Бул түндүн урматына, Жараткандан бүткүл мусулмандардын биз менен бирдикте күнөөлөрүнүн кечирилишин тилөөбүз керек. Кадыр түндүн жакшылыктарга себеп болуусун, достук, бир туугандык жана биримдик ымаласынын күчөсүн, мусулман дүйнөсүн ынтымагына жана бүткүл адамзатка түрдүү балээ-кырсыктардан алыс болуусуна багыштап дуба-тилек кылуубуз керек.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов.

Булак: https://muftiyat.kg/janylyktar/19015/