“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Айыл жаштары спирт ичимдигине каршы акциясын уюштурууда

21 Май 2020 жыл 10:10
Көрүүлөрдүн саны: 82

Өлкөбүзгө элди дүрбөлөңгө салган вирус келип карантин башталгандан бери Токтогул районунун жаштары карантинде эки вирусту бир убакта жеңип чыгалы деген жакшы ниет менен «Токтогул жаштары спирт ичимдигине каршы» акциясын уюштурууда.

Акция Токтогул районунун бардык айылдарында  болууда. Токтогул районунда эң чоң айылдардын бири болгон  Терек-Суу айылынын жаштары да өз айылына баардык жамандыктын атасы болгон спирт ичимдигинин  сатылбай калышына өз салымдарын кошууда.

Терек-Суу айылынын жаштары акциянын алкагында аксакалдар кеңеши, аялдар кеңеши, айылдын кадырлуу адамдары менен биргеликте  2020-жылдын 19-май күнү айылдагы магазиндерди кыдырып, 1 айдын ичинде болгон спирт ичимдиктерди сатып түгөтүү жана андан ары сатпоо боюнча макулдашууга кол койдурушту.

 

 

Акцияга каршылык көрсөткөн магазиндер болгон жок. Баардык магазин ээлери колдоп баталарын беришти.

Магазиндерден сырткары жалпы айылдын эли да макулдугун берип кол коюп беришкен.

 

 

 

 Нурбек Мырсырайымов