“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Сүрөт: Замандын талабына ылайык кой жуут пункту салынды

3 Июль 2020 жыл 18:08
Көрүүлөрдүн саны: 122

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын Тытты конушуна койлорду жаман илдеттерден арылтып, жуунту үчүн кой жуут пункту салынды.

Кой жуут пункту «АРИС» уюмунун колдоосу менен ишке ашты. Жалпы кеткен каражат 763 396 сомду түзөт.

 

Иш учурунда тартылган сүрөт

Койлор жуунуп өтүүчү канал

Жуут 1 айдын ичинде курулуп жалпы 5 адам иштеген.

Койлор жуунучу сууну ысытып берүүчү печка. От жагып ысытылат.

Жуутун айланасы темир тор менен тосулуп койлорду кармаганга абдан ыңгайлуу.

Айылдагы башка долбоорлор туурасында окуңуз. Сүрөтбаян: Эми айылдагылар таза суу ичишет

Нурбек Мырсырайымов