“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Маек: «Биз конституция өзгөргөндөн эмес кадр алмашуудан өнүгөбүз»

1 Декабрь 2020 жыл 15:30
Көрүүлөрдүн саны: 54

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында аялдар кеңешинин төрайымы, жаштар кеңешинин мүчөсү, жергиликтүү кеңештин депутаты жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы менен бирге конституциянын өзгөрүшү боюнча талкуу өткөрүлдү.

    Талкуу учурунда

Талкууда айылдык кеңештин депутаты Канжарбек Байтиков төмөндөгүдөй өз оюн билдирди:

Айылдык кеңештин депутаты  Канжарбек Байтиков

«Мен негизги конституциянын кайсыл пункттары өзгөрүп жатат толук карап чыккан жокмун, бирок өзгөрүшүнө каршы эмесмин. Себеби биз акыркы 30 жылда көрдүк, оңолуп деле кеткен жокпуз. Мага негизи курултай системасы абдан жакты, ар бир айыл өкмөттөн аксакалдар кеңешиненби же башка адамбы, бирден өкүл барып Бишкекте жалпы Кыргызстандан чогулган өкүлдөр менен курултай өткөрүлсө абдан жакшы болмок. Анан ошол курултайды 1 жума болсо деле түз эфирден көрсөтсө элге баары ачык айкын болот эле. Мындан сырткары, Президенттик башкаруу жана депутаттардын бир мандаттуу болушун колдойт элем».

Конституция өзгөрсө эле оңолобузбу же башка бир тармактар айтып жаткандай ханституция кылып алабызбы деген суроого жаштар кеңешинин мүчөсү Рустам Алманбетов жооп берди:

 

 

Жаштар кеңешинин мүчөсү Рустам Алманбетов

«Бул убакка чейин мен негизи саясатка деле кызыкчу эмесмин, бирок акыркы кырдаалдар саясатты дагы таанып билүүгө түртүп жатат. Негизи мен ойлойм биз конституция өзгөргөндөн эмес кадрлар алмашкандан өнүгөбүз. Жаш билимдүү, тажрыйбалуу кадрлар ишке келиши керек деп ойлойм. Мындан сырткары депутаттардын санынын кыскарышын да колдойт элем».

«Конституцияны бардыгын өзгөртүштүн кажети жок. Керектүү пункттарына гана өзгөртүү киргизиш керек. Мисалга, депутаттардын санын кыскартуу, курултай институтун киргизүү, Президенттик башкаруу болсо»,- деген ойлорун Аялдар кеңешинин төрайымы Турсункан Абдыгулова жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Аземкүл Кудуева  билдиришти.

 

Нурбек Мырсырайымов