“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек- Суу айылындагы таштанды төгүүчү жай көйгөй жаратууда

2 Декабрь 2020 жыл 11:24
Көрүүлөрдүн саны: 55

Таштанды Бишкек шаарында эле эмес алыскы тоолуу айылдарда да көйгөйлүү маселе болуп келе жатат. Алардын бири Токтогул районуна караштуу Терек-Суу жана Чоң-Арык айылдарынын таштанды төгүүчү полигону.

Ишембилик таштанды желимдерди өрттөө учуру

«Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу эки айыл бар Терек-Суу жана Чоң-Арык.  2014-жылга чейин бул эки айылда атайын таштанды төгүүчү жай жок болгондуктан айылдын айланасы таштандыга толуп кеткен. Ушул көйгөйдү чечүү максатында эки айылдын ортосуна атайын карта менен таштанды төгүүчү жай пайдаланууга берилген.

Бирок бүгүнкү күндө бул таштанды төгүүчү жайдын айланасында жакын жашаган турак жайлардын ээлери күн сайын өкмөт башчысына ит, мышыктардын өлүмтүгү, ар кандай таштандыдан чыккан жыттар ден-соолукка абдан зыян болуп жатканын айтышып, арызданып келишүүдө.

Мындан сырткары, малдар да желим баштыктарды жеп алып аш кыла албай кыйналган учурлар да катталып жатат. Таштанды төгүүчү жай өзү абдан тар жерден орун алган. Негизи желим баштыктарды, бөтөлкөлөрдү өрттөө абдан ден- соолукка зыян бирок башка аргабыз жок өрттөп жатабыз»,-дейт Терек-Суу айылынын айыл башчысы Тилек Назарбеков.

 Терек-Суу айылынын айыл башчысы Тилек Назарбеков

 

Таштандыны чогултуу учуру

 

  Ишембилик кызуу жүрүп жаткан учур

 

Желим баштыктардан чыккан түтүн

Бул маселени чечүү жолдорун суроо үчүн «Таза аймак» муниципалдык ишканасынын башчысы Рустам Алманбетовго кайрылганыбызда төмөндөгүдөй жооп алдык:

«Таза аймак» муниципалдык ишканасынын башчысы Рустам Алмамбетов

«Бул маселени айыл өкмөт башчысы жана айылдык кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп, айылдан алыс малдарга да коопсуз жер табуу боюнча чечимге келгенбиз. Учурда жер караштырып жатабыз жакын арада бул маселе чечилет».

Алыскы жайытка баруучу көпүрө салынды
 Нурбек Мырсырайымов