“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Кароосуз жер эс алуучу жайга айланды

16 Декабрь 2020 жыл 14:48
Көрүүлөрдүн саны: 79

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында аң-дөң болуп кароосуз турган жер, эс алуучу жайга айланды. Бул долбоор Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган  «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында «Хелветас» Кыргызстан уюму жана Өнүктүрүү Саясат Институту тарабынан ишке ашырылды.

Түздөө иштери жүруп жаткан учур

 

Олтургучтарды орнотуу иштери

Долбоорду ишке ашырууда «Таза аймак» муниципалдык ишканасы Терек-Суу жана Чоң-Арык айылдарына конкурс жарыялаган. Конкурста таза сууга жана таштандыга чогулуучу төлөмдөрдүн убагында чогулушу  жана жергииликтүү жашоочулардын айылдын көйгөйүн чечүүдөгү активдүүлүгү боюнча талаптар коюлган.

Эс алуучу жайдын жалпы көрүнүшү

Конкурстун жыйынтыгында Терек-Суу айылы жеңүүчү деп табылып атайын эс алуучу жай курулду.

Түнкү көрүнүшү

«Кетмен-Дөбө жана Чолпон-Ата айыл өкмөттөрүндө «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору менен кызматташуу уланууда. Жакын арада 10 млн сомдун тегерегинде атайын техникалар (экскаватор, оор жүк ташуучу машина)  келиши күтүлүүдө»,- дейт «Таза аймак» муниципалдык ишканасынын башчысы Рустам Алманбетов.

 

Токтогул эли ысырапкерчиликке каршы чыгышты
Нурбек Мырсырайымов