Токтогул районунда бүгүн 9-январда шайлоого келе албаган жарандарга үйүнөн барып добуш берүү жүрүп жатат. Токтогул райондук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча аба ырайынын суук болгонунун себебинен идентификациядан өткөрүүчү аппараттар иштебей катып калууда.
«Идентификациядан өткөрүүчү аппараттарды курткаларга же атайын бир чүпүрөк орогучтарга ороп алып жүрөбүз. Бирок ага карабай өтө суук болгон тоо тарапта жайгашкан шайлоо участокторунда аппараттар тоңуп калып иштебей жатат. Ар бир үйгө киргенде жылуу жерге 10,15 мүнөт кармап анан иштетип жатабыз дейт»,- 2229 участкасынын оператору Алтынай Акылбекова.
Нурбек Мырсырайымов