Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын №2230 шайлоо участкасында өзү саноочу урнанын оператору баштапкы чекке шайлоо участкасынын номерин туура эмес киргизип койгондуктан бюлеттендер урнадан алынып кайра башынан салынды.
Жалпы 37 бюллетень кайра башынан урнага салынган.
Мындан тышкары, 2230 шайлоо участкасында саат 17:40 электр жарыгы 7 мүнөткө өчүп кайра күйдү. Бул убакта добуш берип жаткан адамдар болгон жок.
Акталаа районунда шайлоо учурунда мыйзам бузуулар каттала элек
Нурбек Мырсырайымов