13 Январь 2021 жыл 17:52
Көрүүлөрдүн саны: 59
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Таалайбек Жайылов, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Илиязбек Чороев жана райондук мекеме жетекчилердин катышуусунда чогулуш болду.
1-маселеде Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Илиязбек Чороевдин 2020-жылга аткарган иштери жөнүндө слайдшоу менен маалымат берилди.
Айыл өкмөт башчысынын слайдшоу аркылуу отчету
2-маселе боюнча райондун башчысы-акими Таалайбек Жайылов 2020-жылдын башында жалпы элдик чогулушта айтылган көйгөйлөрдүн чечилиши боюнча маалымат алды.
Ортодо райондун башчысы-акими Таалайбек Жайылов
2020-жылда бүтпөгөн талкууланган көйгөйлөр
- Чоң-Арык айылындагы таза суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча 2018-жылы мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу аткарылган жумуштун бүгүнкү күнгө чейин бүтпөгөнү.
- Терек-Суу айылынын агын суусуна кошумча насостук станция куруу боюнча.
Чогулушка катышкан жергиликтүү жашоочулар
3-маселе: 2021-жылга карата элдин суроо талаптары айтылды
- Терек-Суу айылынын №12 Турусбек орто мектебинин жылытуу системасынын иштебегендиги
- Таштанды боюнча көйгөйду чечүү
- Жаңы-Арык айылынын 10 жылдан бери салынып бүтпөгөн мектеби.
- Ички жолддор
- Жаш үй бүлөлөргө турак жай салууга жер бөлуп берүү
- Мамлекеттик мекемелердин кыйкырып урушуп, маданиятсыз тейлөөсү
- Чоң-Арык айылында электр энергиясынын күн сайын өчүшүСуроо талап менен кайрылуулар
Айтылган көйгөйлөрдүн чечилиши боюнча тиешелүү мекеме жетекчилер өз жоопторун беришти.
Нурбек Мырсырайымов
Post Views: 59