“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Текшерүүдөн кийин мектеп убактылуу жабылды

1 Февраль 2021 жыл 12:20
Көрүүлөрдүн саны: 32

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы №12 Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектеби Токтогул райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык көрсөтмөсүнүн негизинде убактылуу жабылды. Себеби мектептин жылуулугу нормага туура келбейт.

№12 Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектеби

Мектептин жылуулук системасы жаңы эле жасалган, бирок каалга жана терезелери  1976-жылдары жыгачтан жасалгандыктан эскилиги жетип жылуулукту кармабай калган.

 

Терезелери эскирип толук жабылбай жылуулук кармабай калган

 

Терезелердин жамгыр тийген жерлери ачылып калган

Окуп жаткан учур

Эске салсак, буга чейин 1,5,9,11-класстын окуучулары кадимки режимде окуп жатышкан.

 

Нурбек Мырсырайымов