Токтогул районунда быйыл карышкыр күч болууда. Мунун себеби, кардын калың жаабаганы жана карышкырдын көбөйгөнү дейт жергиликтүү жашоочулар.
«Карышкыр бир жерге турбайт жана ал ар дайым желип жүрөт. Карышкыр бир түндө 25-35 км чейин жол жүрө алат. Быйыл кардын аз жааганы карышкырлардын көбөйүшүнө себеп болуп жатат. Карышкырлар абдан акылдуу келишет жана 3 км чейин жыт биле алышат, кар жокто аларды кармоо дээрлик мүмкүн эмес, ошондуктан быйыл үйүр-үйүр болуп малга кол салуу күч болуп жатат дейт»,- мергенчиликти баалаган Тилек Корошов.
2 эркек (дөбөт) карышкыр 1 чоң бээнин этин жеп салат.
Текшерүүдөн кийин мектеп убактылуу жабылды
Нурбек Мырсырайымов