Токтогул районуна караштуу айылдарда жаңы конституциянын долбоорун талкулоор жүрүп жатат. 25.02.2021-жылы Терек-Суу айылында талкуу болуп, жергиликтүү жашоочулар өз ойлорун жана сунуш-пикирлерин билдиришти.
Конституциянын маанилүү өзгөрүү болгон жерлерин Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жылдызкан Эсенбекова окуп тааныштырып өттү.
«Конституцияда болгон өзгөрүү негизинен жакшы эле, бул жерде көбүнчө адам укуктарына көбүрөк басым жасалып жатпайбы. Бирок депутутаттардын санын кыскартуу боюнча 90 депутат деле көптүк кылат мурда СССР убагында ар бир райондон бирден эле делегат барчу элего» деген ой-пикирин аялдар кеңешинин төрайымы Турсункан Абдыгулова билдирди.
«Мен негизинен бул конституциянын өзгөрүшүн колдойм. Муну менден кыйындар деле телевизордон аябай талкуулап жатышат, бирок курултай маселеси боюнча президент маалымат берет деп жазылып турат, эми андан кийин ошол маалыматты канааттандырарлык деп табыш керекпи же эмне болот бул жагы түшүнүксүз болууда» — дейт Канжарбек Байтиков.
Андан кийин чыгып сүйлөгөндөр конституциянын өзгөрүшүн колдоорун бир ооздон билдиришти.
Чогулуштун акырында Конституциянын жаңы долбоору колго салынып, бир добуштан колдоого алынды
Нурбек Мырсырайымов