“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулдук футболист Азия чөлкөмүндө экинчи ирет «Апта оюнчусу» болду

25 Март 2021 жыл 17:15
Көрүүлөрдүн саны: 59

Кыргызстандык футболист, тагыраак айтканда Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында 2000-жылы туулган Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович Азия чөлкөмүндө экинчи ирет «Апта оюнчусу» болуп табылды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гүлжигит Алыкуловдун Казакстан премьер-лигасындагы «Жетису» клубуна киргизген голу жана голдук топ ашыруусу АФКнын сайтына добушка коюлуп, күйөрмандардын 51,21 % добушун алган.

Белгилей кетсек 3-мартта Казакстан супер кубогунун жарым финалында «Кайрат» жана «Тобол» командалары беттешип, Гүлжигит Алыкулов голдук топ ашыруу жана кошумча мүнөттө гол киргизүү менен эсепти 3:3 кылып теңеген. Бул көрсөткүчү менен дагы 20 жаштагы футболчу «Жуманын оюнчусу» наамына татыган.

Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович

  1. Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович — Футбол менен бала чагынан машыгып келет. Бишкектин «Дордой» клубунун тарбиялануучусу
  2. Куудул (шорпо) каймана аты менен таанымал Жаныбек Алыкуловдун уулу
  3. 2019-жылдан тарта улуттук курама команданын мүчөсү
  4. 2017-2018-жылдары Түркиянын «Антальяспор» клубунда ойногон
  5. 2018-жылы «Кара-Балта» клубунун жогорку лигасында, «Алга» курамында  ойногон
  6. 2019-жылы Белоруссиянын «Неман» клубунда ойногон
  7. 2020-жылдан тарта Казакстандын «Кайрат» футбол клубунун жарым коргоочусу

 

Нурбек Мырсырайымов