Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын жаштары демилге көтөрүп өз автомашиналары менен кум жүктөп келип айылдын ички жолдорун оңдоп-түздөп жатышат. Бул ишке айылдын жалпы жаштары катышууда айылдык кеңештин депутаты Жумабаев Жеңиш өз машинасы менен кум төгуп жардам берүүдө.
«Буйруса бул ишти дагы улантып айылдын баардык көчөлөрүнө төгөбүз дейт» — айылдык кеңештин депутаты Жеңишбек Жумабаев.
Эскерте кетсек буга чейин да Терек-Суу айылынын эли демилге көтөрүп айылдагы жалпы 18 көчөгө өз күчү менен жарыктандырууларды коюшкан.
Нурбек Мырсырайымов