11-апрель 2021-жылы Токтогул району боюнча жалпы 35 шайлоо участкасында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конститутцияны кабыл алуу боюнча Референдум тынч жана 50% ашык шайлоочулардын катышуусунда өттү.
«Буга чейинки шайлоолордо электрондук урнанын бюллетендерди албай калуусу, идентификациядан өткөрүүчү аппарттар колдун сүрөтүн тааныбай калуусу боюнча мүчүлүштүктөр бологон. Азыркы шайлоода аппаратуураларда эч кандай иштебей калуу же адамдардын тизмеден чыкпай калуу жана башка көйгөйлөр болгон жок. Бул шайлоодо буга чейинки Президенттик шайлоодогудай эле адамдардын активдүү катышкандыктарын байкадым» — дейт 2229 шайлоо участкасындагы идентификация боюнча оператору Алтынай Акылбекова
«Мен бул шайлоодо эч кандай мыйзам бузуу байкаган жокмун. Бирок шайлоо участкасынын сыртында жергиликтүү кеңештин депутаттыгына кандидатурасын койгон талапкерлер келген шайлоочуларга агитация жүргүзүп жатышкандай сезилди» — деген оюн 2229 шайлоо участкасындагы комиссиянын мүчөсү Назира Мамашова билдирди.
Нурбек Мырсырайымов