“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Айылдык кеңештин депутаттарына мандат тапшырылды

10 Май 2021 жыл 17:19
Көрүүлөрдүн саны: 35

Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө 2021-жылдын 11-апрелинде  өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы менен шайланган 21 депутатка мандаттары тапшырылды. Депутаттык  төш белги менен күбөлүктү Токтогул райондук АШК катчысы Эркин Тургунбаев тапшырды.

Депутаттардын 7 аял, 9 жаштар, 9 мурда шайланган тажрыйбалуу адистер.

Депутаттардын 30% башкача айтканда жетөөсү аял

 

9 депутат мурда шайланган тажрыйбасы барлар

9 депутат жаштар

 

Жалпы 21 депутат АШК өкүлдөрү менен

Нурбек Мырсырайымов