Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынан Баткен элине 103 миң сом акчалай жардам жөнөтүлдү. Акча чогултуу жагын айыл жаштары уюштуруп, ар бир үйгө кирип колдон келген жардамын чогултушту.
Мындай кыйынчылыкта Терек- Суу айылынын тургундары да кайдыгер карап тура алган жок. Ар бир үйдөн колдорунан келишинче 50 сомдон 5000миң сомго чейин жардам берип жатышты.
Чогулган акча каражаты үйлөрү өртөнүп кеткен Лейлек районундагы айыл тургундарына таркатылып берилди.
Нарындын Учкун айылынан Баткенге жардам
Нурбек Мырсырайымов