Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Курама уулу Турусбек атындагы башталгыч класстардын окуу имараты авариялык абалга түшүп калганына байланыштуу азыр балдар аргасыз жогорку класстардын имаратында окуп жатышат. 1976-жылы колдонулууга берилген мектеп 510 окуучуга ылайыкталган, учурда 928 окуучу билим алууда.

Башталгыч класстын авариялык абалда турган мектеп имараты
Терек-Суу айылынын тургуну Айгүл Сейдалиеванын 3 баласы мектепте окуйт. Учурда балдарга класстар жетишпей жаткандыктан коридорлорго класстар уланып, учурда 3 кезекте (смена) окуп жатышканын билдирди:

Терек-Суу айылынын тургуну Айгүл Сейдалиева
“Азыр балдар тыгылып кабинет жетишпей 3 сменде окуп жатат. Кичинекей корпустагы балдар чон корпуска барып окушууда. Ызы чуу, тыгылыш болуп класстар жетишпей коридорго да кабинеттер уланып жатат. Окуучулардын саны дагы көп бир класста эле 30-35 окуучу окуп жатат. Азыркы балдарым окуп жаткан мектептин шарттары өтө жаман эмес жакшы эле бирок, жаңы мектеп салынса жакшы болмок.”
Бул көйгөйдү чечүү үчүн мектеп имаратынын долбоору облуста каралды. Курама уулу Турусбек атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору Дөөлөтбек Кожомуратов мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланарын жана ал 100 миллон сомду түзөрүн кошумчалады:
“

Курама уулу Турусбек атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору Дөөлөтбек Кожомуратов
Ошол боюнча аракет кылып жатабыз бул смета проектиси жасалды жогорку кенештин депутаты дагы аракет кылып жатат, жергиликтүү администрация айыл өкмөт да аракет кылып жатат. Буйруса келээрки окуу жылына башталат деген үмүттө турабыз. Смета проектиси облустан жасалып,планга кирди”.
Жаңы курула турган мектеп 275 орунга ылайыкталат. Анда Анегизинен лобороториялык кабинет компьютердик класс ошондой эле ашкана, актовый зал сыяктуу бардык талаптар менен куруу пландалууда. Белгилей кетсек, учурда окуучулар билим алып жаткан мектеп 1976-жылы колдонууга берилген. Ал 510 окуучуга ылайык салынган. азыркы мезгилде 928 окуучу окуп жатабыз.
Даярдагандар: Асема Жумаказиева, Аделя Бакытбекова