“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Гүлнара Мырсырайымова кол өнөрчүлүк боюнча мектеп окуучуларына ийрим өтүүдө

22 Октябрь 2023 жыл 16:33
Көрүүлөрдүн саны: 1137

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну мектеп окуучуларына 3 жылдан бери ийрим өтөт. Кошумча сабак бир жумада эки ирет 1,5 сааттан болот. Ага 30 окуучу катышууда.


Терек-Суу айылынын тургуну Гүлнара Мырсырайымованын окуучусу 13 жаштагы Адеми Кыдырмаева келечекте дизайнер болгусу келет. Ал бул кыялдарына жетүү үчүн ийримге калтырбай келип катышып, кол өнөрчүлкө кантип кызыгып кантип шыктанганын айтып берди:

“Мен аябай кол өнөрчүлүкө кызыгам. Гүлнара эжекенин үйрөткөндөрү мен үчүн аябай кызыктуу. Мен негизи кичинемден эле кол өнөрчүлүкө аябай кызыгып куурчактарга кийимдерди тигип абдан жакын болчумун. Менин кызыгып кетишиме апам түрткү болгон. Негизи бош убактымда бир нерселелерди тиккенди аябай жакшы көрөм. Биз саат 10дон 11:30га чейин окуйбуз. Ийримден сырткары жарманкелерди уюштуруп турабыз. Менден башка бул ийримге мени менен тең 3 кыз катышат. Мен кол өнөрчүлүктүн саймасы менен алектенем”.

Гулнара айым кол өнөрчүлүк боюнча балдарга үйрөтүп келе жатканына 20 жылдан ашты. Ал эски нерселерден жаңы нерсе жаратканды жактырарын жана бул өнөргө кантип кызыгып калганын кененирээк мындайча айтып берди:

“Мен өзү кичинекей кезимден эле кол өнөрчүлүкө кызыгып жакшы көрөм. Эски нерседен жаны нерсени ойлоп табып жасаганга кызыгам. Анан өзүм жасаганда жан дүйнөмө жагат. Биринчиден мен ушул жерде жашап калганым үчүн экинчиден кол өнөрчүлүк окуу жайын окуугандыгым үчүн анан кыздардын келечекте жашоосуна пайдасы тийишин каалайм. Кыздар азыркы учурда тигүүнү, шууру жасаганды үйрөнүшөт. Кээ бир окуучулардын өздөрүнө жаккан нерселерин жасашат сайма сайышат ар нерсени токушат”.

Кол өнөрчүлүк ийрими жуманын эки күнү өтүлөт. Ага 30га жакын окуучу катышат:
“Азырынча жакшы эле кызыгып жатышат мындан да көбүрөөк кызыктырыш керек көбүрөөк тартыш керек. Мен бош убактымда швея менен крой тигем гүл өстүрөм. Жакын арада эле балдар күнүндө Токтогулга барып келдик. Кол өнөрчүлук менен алектенип жүрүп көп эле ийгиликтерди багындыра алдым деп айта алам. Күзүндө октябрда Жалал-Абадка “Менин жандай көргөн кесибим” аттуу конкурска барып катышып келдим”.
Даярдагандар: Сумайа Айтиева, Нурпери Шабыралиева