“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Мектепте быйыл жылуулук системасы кандай болот?

22 Октябрь 2023 жыл 17:02
Көрүүлөрдүн саны: 1170

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Терек-суу айылынын Курама уулу Турусбек атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде мурдакы жылы кыш мезгилинде жылуулук системасы бузулуп окуу аралыкта окууга өткөн. Бул жылы кышка даярдык кандай болуп жатканын жана андагы көйгөйлөр кайталанбайбы жооп издедик.

Терек-Суу айылынын тургуну Жаркын Максатбаева мектептеги жылуулуктун талапка жооп бергени бир гана окуучулар үчүн эмес, анда иштеген мугалимдер үчүн дагы маанилүү экенин айтат. Учурда анын 3 небереси мектепте окуйт:
«Жылуулук системасы азырынча иштей элек бирок, кышында жакшы эле болот болуш керек былтыр жылуу эле болгон балдар үшүгөн жок. Мектеп балдар үчүн жылуу болуш керек менин неберелерим окуйт жылуу болуп турса баарына жакшы да бир эле балдарга эмес ошол жерде иштегендерге дагы жакшы мен жылуу болгонун каалайм».
Аталган мектептин директору Дөөлөтбек Кожомуратов былтыр жылуулуктун үзгүлтүккө учурашы бир гана буу казаны иштегенден улам жаралган. Быйыл мындай көйгөй болбош үчүн кошумча экинчи буу казанын даярдап жатышканын билдирди:

«Бүгүнкү күндө ушул жакын арада 2-буу казанды оңдоткон жатабыз. Былтыр бир эле котелди иштетип чыкканбыз бир жыл ичинде 100 дүк буу казан иштесе, ал эми азыр 210дукту кошсок жакшы болуп калат. Эгерде абанын температурасы 3 күн катары менен +8 боло турган болсо ошондо эреже боюнча жылуулук берилет».
№12 Курама уулу Турусбек атындагы жалпы орто билим берүү мектебин чарба башчысы Темир Мамбетбаев негизи жылуулук системасы мектеп курулган 1974-жылдары коюлганын айтып, ал 3 жыл мурун жаңыртылганын кошумчалады:

«Жылуулук системасы курулганда эле бир канча техникалык мүчүлүштөр менен курулган. Негизи өзу жакшы иштейт. Бизде жылуулук ноябрдан баштап берилет. 5 кун 18 градусдан ылдый болсо жылуулук системасын киргизебиз. Кышында негизи бөлмөлөр 22 градустан төмөн болбош керек. 18 градус бул минимум ал эми 22 градуска чейин температура кармалыш керек».
Белгилей кетсек, аталаган мектепте 928 окуучу билим алат. Азыр жылуулук системасы бир гана электр энергиясынан жагылат эгер электр энергиясы өчүп калса же кандайдыр бир чектөөлөр болсо үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Мектеп администрациясы жылуулук систамасынын башка булактарын караштырып жатышат.

Даярдагандар: Арууке Эсенбекова, Бурулсун Тажиева