“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылында биринчи жолу “Салбуурун” оюну өтүүдө

22 Октябрь 2023 жыл 16:54
Көрүүлөрдүн саны: 1211

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында “Салбуурун” оюну болду. Оюнга жети дубандан катышуучулар келген. Элүүгө жакын адам тайгандары менен келип, оюнду көргөнү 200дөн ашуун адам чогулган.


Терек-Суу айылынын тургуну салбуурунчу Бузурманкул Садыков бул оюнду быйыл 3-ирет өткөрүп жатышканын айтат. Ал бул жолу “Мыкты уюштуруучу”-ардак громатасы менен сыйланды. Тайган салуу өнөрү атасынан бери келе жатканын айтып, бул оюн жагарын кошумчалады:

“Илгерки ата-бабалардан калган оюн. Салбуурун оюнун жаш балдарга үйрөтүп, улантуу максатында уюштурулду. Ага Оштон, Нарындан, Таластан келишти. Өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлүп, каржыланып жатат”.
Салбуурун оюнунун уюштуруучусу “Жети-Дубан Салбуурун” федерациясынын биринчи вице президенти Нурланбек Шамыканов бала кезинен тайган багуу менен алектенет. Ал 20 жылдан ашуун убакыттан бери улуттук спорт түрү менен машыгат:

“Нарын облусунан келип оюнга катышып жатам. Бала кезимен баштап эле тайган багуу менен алектенип келем, 20 жылдан ашуун убакыт болду. Бул Салбуурун федерациясын 2019-жылы түздүк. Кийинки эстафетаны Нарын же Ош областына беребиз. Катышуучуларга оюндун түрлөрүнө жараша акчалай диплом, грамота, кубок байгелери бар”.
Нарын облусунан келген катышуучу Нуражар Муслинова 9жашынан бери машыгып, тайган багат. Ал бул өнөргө атасын көрүп кызыгып келип калган. Азыр алардын үйдө 6 тайганы бар. Тайгандарды сатып алып, кичинесин чоңойтот. Келечекте кыргыз тайганын даңазалагысы келерин айтат:

“Салбуурунга катышканыма 5 жыл болду. 9 жашымдан бери кызыгып, тайганды багам.Бул оюнду ойноо мен үчүн өзүнчө азарт. Салбуурунда тайгандын күлүктүгүн, жүрөктүүлүгүн, сапаттуулугун текшерүү үчүн ойнолот. Жети Дубанды кошуп өткөргөндө бир жылда эки, үч жолу болот. Азыркы кезекти Токтогул шаарына берди кийинки кезекти Жумгалга же Ошко берет”.

Салбуурунчулар жети дубандан таза тайган баккан федерациясын түптөө аракетин көрүп жатышат. Алар кыргыздын нукура тайгандарын багууга жана көбөйтүүгө аны аргындаштырып өстүрүүгө салым кошкулары келет. Салбуурун ата-бабалардан келе жаткан улуттук оюн.
Даярдагандар: Дилде Таалайбекова, Эльбина Аттокурова, Асема Таалайбекова