“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылындагы таза суу маселесин чечүү үчүн 186 миллион сом керектелет

22 Октябрь 2023 жыл 17:31
Көрүүлөрдүн саны: 1025

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Терек-Суу айылынында таза суу көйгөйү чечилбей келет. Айыл тургундары таза суу менен камсыз болбогонуна нааразы. Кээде кир сууну ичүүгө аргасыз болууда.


Терек-Суу айылынын тургуну Ташкул Сооронбеков айылдагы эң чоң көйгөй бул таза суу экенин билдирди. Жергиликтүү тургундар көчөдөгү жалпы калонкалардан суу ташып ичишет. Айрым көчөлөрдө алар иштебегендиктен башка көчөдөн ташып ичүүгө туура келет. Кээде жамгыр жааганда ал суу дагы кирдеп, ылайга айланат:

“Биздин көчөдөгү калонкалар иштебейт. Суу алыш үчүн мектептин жанына барып алып келебиз.Таза суу ичпейбиз жамгыр жааганда малдар тоодон келгенде күз жаз ылай чыла суу ичебиз бул боюнча өкмөткө акимге чогулушта кайрылганбыз. Буюрса жакын арада чечип беребиз дешти. Айыл тургундары таза сууну күтүүдө.”
Терек-Суу айылынын тургуну Эрке Стамалиева таза суу көйгөйү боюнча төмөнкүдөй оюн билдирди:

“Бул айылдын көйгөйү таза суу. Ичүүчү суубузду кудуктан алабыз. Крандан суу чыкпай калган учурда сууну чөмүчкө чейин толтурууга аракет кылабыз. Азыркы заманда суунун маселесин чечсе болот. Айыл өкмөт эл бирдиктүү көтөрүлсө таза суу чыкканга мүмкүнчүлүктөр көп деп ойлойм.”
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл башчысы Айдар Алишеров таза суунун суу түтүктөрү 1962-1965 жылдары курулуп пайдаланууга берилгенин айтат. Ошол күндөн бери суу түтүктөрү алмаштырыла элек. Бул масени чечүү үчүн 186 миллион сом керек болот. Бирок бул каражатты чогултуу маселе болууда:

“Таза суу маселеси жетишээрлик деңгээлде курч анткени Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы жашоочулар көлдүн астынан көчүп чыккан эл деп эсептелет. Бизде агын суу дагы таза суу маселеси дагы абдан курч. Таза суу тоодон чогулган булактардан мөңгүлөрдөн чогулган суулар биздин айыл аймак кампаларына келип топтолот. Ошол жерден кампалардагы суулар суу түтүктөрү аркылуу Терек-Суу, Чоң-Арык айыл аймактары суу менен камсыз болот. Бирок муну толук кандуу таза суу деп айта албайбыз. Анткени бул нерсе таза суунун талабына толук жооп бербейт. Бул иштердин алкагында биз бир топ иштерди чечүүдөбүз. Бүгүнкү күндө Терек-Суу менен Чоң-Арыктын таза суу долбоору бүткөн. Жалпы долбоордун баасы 186 миллионду түзөт. 83 миллион сом бул Чоң-Арык аймагынын таза суусу ал эми 103 миллион сом Терек-Суу аймагынын таза суусу. Эгер бул маселе толук каралып калса Чоң-Арык жана Терек-Суу аймактарынын таза суу маселеси толук жоюлмак”.

Кетмен-Дөбө айыл аймагы төрт айылдан жана бир канча калктуу конуштардан турат. Эң чоң айылдар Терек-Суу айылы жана Чоң-Арык айылы болуп эсептелет. Айыл аймак боюнча акыркы каттоо менен 8007 адам катталган.

Даярдагандар: Асема Таалайбекова, Дилде Таалайбекова, Эльбина Аттокурова