“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

“Чыгармачылыкка кеч келген акын”

30 Ноябрь 2023 жыл 15:33
Көрүүлөрдүн саны: 979

Кетмен-Дөбө өрөөнүнөн чыккан, чыгармачылыкка кеч келген акын, ар тараптан таланттуу комузчу, ырчы Кенже Кутманова өз жан дүйнөсү, ырга болгон шыгы жөнүндө бөлүшө кетти.


Акын Кенже Кутманова 1974-жылы 23-февраль Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу, Имерилиш конушунда жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлү, беш уул,эки кыздын энеси,баатыр эне. Үй-бүлөсүндө ата-энеси чыгармачылыка жакын болушкан. Атасы комуз чертип ырдагандыктан,бир туугандарынын көбү комуз чертип ырдашат. Кенже эже дагы окуп жүргөн кезде эле комуз чертип,ырдап,кароо-сынактарга активдуу катышып жүргөн.Ыр жазууга болгон шыгы кечиреек ойгонгон. Кеч болсо дагы ыр дүйнөсүнө аралашып калганына ыраазы экендигин айта кетти:

“Ыр жазып калганымдын себеби апам тараптан келгенби дейм,атам көп комуз чертип ырдагандыктан,мен дагы балалык кезимден бери кызыгып, комуз чертип ырдап жүрдүм.Бирок кийинчереек жараткандан берилген дагы бир талантым оргуштап чыгып , элүү жашка жакындап калганда ыр жазып баштадым.Ырларым өзү көбүнчө патриоттук темада,анткени өзүм патриотмун десем болот.Мен өзү ыр дуйнөсүнө аралашканыма 2-жылдын жүзү болду,анча мынча ырларымды жазып, соц тармактарга,фейсбукка чыгарып жүрчүмүн.Менин ырларымды ошол жактан окуп,эл аралык “Актал”адабий чыгармачылык бирикмесине чакырып мени мүчө кылып кабыл алышты.Ошол жакта жүрүп көптөгөн конкрустарга катышып, жакшы ырларды жараттым.Эл аралык бирикме болгонуна байланыштуу,ар улуттун акындары да бар,менин көптөгөн ырларым казак тилине которулду, өзүм дагы казак акындардын ырларын, кыргыз тилине которуу менен алектенем учурда.”Актал” адабий чыгармачылык бирикмеси тарабынан “Жети акындан ыр белек” аттуу долбоор уюштурулуп, ар бир облустан бирден акындын ырлары “Поэзия ыргагы” китебине басылып чыкты. Бул китепте жети дубандан чыккан акындардын ырлары жарыка чыгып, ошонун ичинде менин дагы 50гө жакын ырым ушул китеп бетинен орун алган”.

“АКТАЛ” адабий чыгармачылык бирикмеси тарабынан Кыргыз Республикасынын кыргыз тили коомунун “Ыйык тил” деген төш белгиси менен сыйлангам.Келечекке буюрса жакшы пландарым бар,чыгармачылыгымды өркүндөтүп,өзүмдүн жеке китептеримди чыгарсам деген тилегим бар.

Мен патриотмун, өзүмдүн Кыргызстаным жөнүндө жазган ырымды окуп берсем.
Кыргызстаным.
Мекеним, менин сүйгөн Кыргызстаным,
Сендикмин,сенде тамган киндик каным.
Баа жеткис байлыгымсын туулган жерим,
Алтындан артык бир ууч топурагын.

Көркүнө көз тойбогон сыймыктандым,
Көркөмүң көөнөрбөсүн Кыргызстаным.
Көз артып сугун арткан ач көздөргө,
Бергим жок кумуңдун да бир уучтамын.

Даярдаган: Азема Кудуева, Дилде Таалайбекова, Эльбина Аттокурова.