“Кыргыз кызы” – деген темада кыздар арасында таймаш өткөрүлдү. Бул таймашка 8-9-10 класстын окуучу кыздары катышып өз өнөрлөрүн тартуулашты. “Кыргыз кызы” таймашынын максаты кыргыз кыздарына тиешелүү мыкты сапаттарын, жөндөмдүүлүктөрүн, элдик салт-санааларын чагылдыруу менен кыздарга болгон сый-урматты даңазалоо, “Кыргызда кыздын чачы улук, кыз сыйлабас макулук”- дегендей кыздардын баалуулугун, сулуулугун, улуулугун, нарктуулугун көрсөтүштү.

Бул таймаштын жеңүүчүсү Ак-Бакай мультимедианын волонтеру Бурулсун Тажиева, 8-а класстын окуучусу бул таймашка өз өнөрүн көрсөтүп, классынын намысын коргоо үчүн катышкандыгын белгилейт:

“Бул таймаш абдан кызыктуу болду. Менин атаандаштарым аябай даярданышкан экен, чынында таймаш оор болду. Бирок, мен үчүн кыргыз элимдин үрп адатын, салт санаасын жана ошондой эле элибиздин улуттук баш кийим, зер буюм, улуттук оюндарын көрсөткөн жакты. Таймашка даярданууга агайым жана классташтарым чоң жардам көрсөтүштү. Уткандагы сезим абдан өзгөчө сезим экен, же ыйлаарыңды же күлөөрүңдү билбей калат экенсиң. Алдыда дагы конкурстарга катышып, өз өнөрүмдү дагы да өздөштүрсөмбү деген ойлор бар . Сахнага чыкканда менде эч кандай сүрдөнүү сезим болгон жок”.

“Кыргыз кызы” таймашынын уюштуруучулары Гүлмира Ашыралиева, Гүлнара Шекилбаева кыргыз элинин каада салты, кол өнөрчүлүгү унутулуп бара жатканын айткан. Бул таймашты кийинки жаш муундар кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн күчөтсө, шырдак, кийиз, төшөктөрдү жасаганды, ийик ийригенди үйрөнүшсө деген максатта койгондугун айта кетти:

“Кыздардын баалуулугу кыргыз элинин улуттук кийимин кийип, чачын жакшынакай кылып өрүп жүрүүдө жана өздөрүнүн сулуулугунда, мүнөзүндө, ички сезимдеринде, ал эми эң башкы баалуулугу эненин тарбиясын жакшы алып, тарбиясы жакшы болууда, кыргыздын улуттук каада салтын билип, биздин улутту жок кылбайын дегенде. Кыргыздын кыздары илгертеден чач учтук тагынган, моюндарына мончок тагынышкан. Мончокту эмнеге тагынышкан деген суроолор болсо моюнду узун кылыш үчүн тагынган. Жаздыка жатканда дагы моюну узун болсун деп бийик жаздыка жаткырышкан эмес. Ал эми чач учтукту тагынганда чач оор болуп артка тарткан бели жана моюн түз болгон. Жана бели ичке болуу үчүн белдемчи тагынышкан, бизде белдемчи чермий деген улуттук кийим бар. Илгертеден айтылып келет экен эң эле баатыр кыздар деп, анткени бир баатыр киши “ мен бирөөнүн үйүнө барып жашай албайт элем, мына кыздар баатыр экен бирөөнүн үйүнө барып, ошол жерге батып, жашап кеткен бул эң баатырлык” -деген экен».

Даярдагандар: Дилде Таалайбекова, Эльбина Аттокурова, Азема Кудуева