Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылында “Апамдын каттамасы” аттуу чакан кафе ачкан Калбү эже өзүнүн ойун биз менен бөлүштү.

Мен “Апамдын каттамасы” ишканасын ачканымдын себеби: Жайында эс алганы үй-бүлөм менен көлгө бардым. Ысык көлдөн келе жатып Кемин районундагы жол боюндагы “Апамдын каттамасы” деген кафеге кирип чай ичтик. Ошол жерден жеген каттама мага аябай жакты. Алар бизге каттаманы ысык чай жана жаңы чыккан каймак менен берди. Каттаманын даамын өзгөчө кылып даам берген каймагы болду. Ошол күндөн баштап ошол даам тандайымдан кетпеди. Үйгө келгенде ойлондум ушул эженин кафесиндей кафе ачайын деп. Каттаманы илгертен бери чоң апаларыбыз жасап келишкен азыркы убакта коп жасалбай калгандыктан,унута калып баратат кобунчо аш тойлордо эле жебесек коп жасабай калдык. Ал убакта апаларыбыз сары май кошуп даамын өзгөчө кылып жасап келишкен.” Жакшы тилек жарым ырыс “ дегендей ,ошол убакта Чон-Арык айылына калктын жашоо шартын жакшыртуу негизинде Гүлсана Абытова “Жаратман” долбоору менен келип семинар отуп берди. Бул долбоордун максаты: туризмди өнүктүрүү жана кол өнөрчүлүктү жайылтуу болгондуктан долбоорго катыштык, туризмди жайылтуу негизинде бизге атайын боз уй болуп беришти,ошол кундон баштап боз уйду айылдын четине тигип каттаманы жазап баштадым. Кардарларым кобойгонуно байланыштуу Терек-Суу айылында арендага жер берет деп угуп келип чакан кафе ачтым. Бул чакан кафени ачканыма куйоо балам каражат жагынан жардам берди. Буюрса иштерим жакшы жүрүп жатат, кардарларым көбөйө баштады.Кобунчо кузго маал аш тойлор коп болгондуктан,заказдарды да аз-аздан кабыл ала баштадым.Алган кардарларым оздорунун жакшы ой-пикир сунуштарын айта башташты. Элдин оюна,купулуна толоорлук кылып жасаганга аракет кылып жатам. Менин бала кезимде апам жасачы эле, ошонун артынан үйрөнүп азыр башка түрлөрүн өздөштүрүп атам.

Азыркы иштеткен кафем чакан ,анын үстүнө арендага алып иштетем. Келечекте өзүм жер алып чакан ишканамды кеңейтсем, жумушчу топту көбөйтсөм башка дагы жети айылды “Апамдын каттамасы” менен той аштарга, жашылыктарга жеткирсем деген оюм бар.Айылдагы кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылып, өз элиме аз да болсо салымымды кошсом. Кыргыз элибиздин улуттук тамак ашы жоголбой кийинки муундарга жетсе. Анткени азыркы убакта балдарыбыз женил, зыяндуу тамак аштарга көбүрөөк басым жасап атышат. Келечекте пландарым ишке ашса “Апамдын каттамасы” кенейип, ысык чайы жана жаңы тартылган каймагы менен болот деп ниеттемин.
Даярдагандар: Дилде Таалайбекова, Эльбина Аттокурова.