“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылында АДК (айылдык дарыгерлер комитетти) оздорунун иштери менен бөлүштү.

6 Декабрь 2023 жыл 15:46
Көрүүлөрдүн саны: 1094

Терек суу айылында айылдык дарыгерлер комитеттинин төрайымы Анаркан Касымбекова ыктыярчы болуп иштеп, айыл элинин ден-соолугуна кам көрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Акыркы убакта грипп оорусу күчөгөнүнө байланыштуу грипп боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кызамык оорусу дагы күч алганын жана ошондой эле мектеп менен байланышып окуучуларга 1-декабрь “СПИД-коркунучтуу дарт”- аттуу темада мугалим менен биргеликте түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлгөнүн дагы айта кетти.


АДК жөнүндө дагы кыскача маалымат бере кетсеңиз?
АДК — бул айылдык ден-соолук комиттети ыктыярчылардын бирикмеси. Коммерциялык эмес бейөкмөт. Айылдык ден-соолук ассоциациясы 1910-жылы 17-марта негизделген буга 58 район карайт. АДКга айылдагы элдин ден-соолугуна кам көргөн ыктыярчылардан турат. Айылдагы элдин ден-соолугун, санитардык абалын жана тиричилик шарттарын жакшыртуу үчүн багытталган.
Биринчи жолу ишти эмнеден баштадыныздар? Канча ыктыярчы иштейт.
2012-жылы биз айылда өзүбүзчө 12 ыктыярчы иштеп баштадык. Биз биринчи ишти адамдарды ичип аткан тузунан текшерип баштадык. Ошондогу туздардын составындагы йодду текшердик атайын аппаратын жардамы менен. Ар бир үйгө, магазинге кирип туздун йодун текшердик. Жыйынтыгында береке тузунун сапаты жакшы болуп чыкты.

Жугуштуу оорулар боюнча дагы кандай иштерди алып бардыңыздар?
Жугуштуу оорулар эхинакоккоз, альвеококкоз өттүк. Жыл сайын өтүп атайын элге баракчаларды таркатып, түшүндурүү иштерин жүргүздүк. Эхинакоккоздун алдын алуу учун Токтогулдагы вет лечебница менен сүйлөшүп, иттерге дары берүүнү сүйлөштүк, дары берилди жана кутурма оорусуна дагы дары берилди. Биз ыктыярчылар больница менен тыгыз байланышта иштейбиз.
АДК мүчөлөрү менен биргеликте жаш ымыркай бөбөктөргө жана кош бойлуу келиндерге кандай жардам бере аласыздар?
Эн жакшы суроо! Биз АДК мүчөлөрү айылдык врачтар менен тыгыз иш алып барабыз. Кош бойлуу келиндерди учётко алабыз. Учётко тура элек болсо врачтарга билдирип турабыз. Кош бойлуу келиндердин туура тамактануусун, коопсуз энелигин, анемия менен ооругандардын тизмесин тактап турабыз. Жаны төрөлгөн ымыркайдын тизмесин алты айга чейин, алты айдан 2-жашка чейин алып. Кошумча тамак берип баштаганда балдарга кантип туура тамак беруу керек экендигин айтып түшүндүрөбүз. Баракчаларды таратабыз. Баланы туура эмизүү 2-жашка чейин толук кандуу эмизүү керек экендигин түшүндүрөбүз.

Мен АДКда иштегениме 10-жылдын жүзү болду. Эч кандай каржы төлөнбөйт. Айлык төлөнбөгөндүктөн кээ бир ыктыярчылар иштен чыгып кетишти. Ыктыярчы болуп иштеп эл үчүн кызмат кылып келе жатабыз.
Мектеп окуучулары менен кандай түшүндүрүү иштерин алып барасыз?
Мен жылына мектеп окуучулары менен жугуштуу оорулар жана грипп ооруулары жөнүндө класс жетекчилер менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келем. Азыркы убакта жаштар арасында кеңири тарап жаткан электрондук тамекинин зыяндуулугун баса белгилеп айтып, буга көбүнчө кыз балдардын тартылуусу өкүндүрөт.Келечекте эне боло турган кыздарыбыздын келечеги ойлондурат. Ошону менен бирге тамеки, насвай, клей жыттаган балдар кыздардын дагы көбөйгөнү. Жаш өспүрүмдөргө канчалык зыян экенин айтып түшүндүрүп баракчаларды таркатып келүүдөбүз.

Даярдагандар: Дилде Таалайбекова, Эльбина Аттокурова, Азема Кудуева.