Терек-суу айылындагы аялдар кеңешинин төрайымы Турсункан Абдыгулова «Зордук-зомбулуксуз 16 кун» — иш чарасы менен бөлүштү. Бул иш-чаранын уюштуруучулары, айыл өкмөт тарабынан белгиленип, соц кызматкерлер, аялдар кеңеши, маданият кызматкерлери мектеп жамааты жана ата-энелер менен биргеликте иш жүргүзүлдү. Соц кызматкерлер тарабынан даярдалган «Зордук-зомбулукка жол жок!» аттуу доклад менен башталып, суроо жооптор менен коштолду жана Кыргызстан аймагындагы болуп жаткан жаңылыктардан баян кылуу менен зомбулуктун алдын алуудагы кеп-кеңештерге көңүл бурулду.

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн катчысы Жылдыз Эсенбекова: Тазалыкты аялзаты өзүбүздөн үлгү катары баштасак. Азыркы учурда айыл ичиндеги тазалык өтө начар, таштандылар көп ыргытылат. Көчөгө чыксак ар бир жерден пакеттерди, памперс, кагаз, чүпүрөк-сапырактарды кездештиребиз. Эмне үчүн ошол майда нерселерди сыртка чыгарбай эле үйдүн айланасынан өрттөп койсок болбойт.Тазалыка көңүл буралы. Келечекте эне боло турган кыздарыбызга өтө көңүл буруу менен сабактан чыккандан кийин,бош убактыларын, кечкисин энелер контролго алып кыздарыбыздын коопсуздугуна, тартибине көңүл бурулса. Азыркы күндө мигрант ата-энелердин балдары, алардын коопсуздугу, зордук-зомбулукка кабылышы бул ото койгойлуу маселе, зордук-зомбулукту алдын алуу иш-чаралары көрүлүп, соц адистер иш алып барууда, урматтуу ата-энелер өзгөчө мигранттардын балдарына мээримдүүлүк менен камкордук керек. Ар бир бала камкордука алынса, зордук-зомбулукка жол бербесек. Үй-бүлө зомбулугу, ысырапкерчиликти азайтуу, нарк-насил жөнүндө маселелерге токтолуп ата-энелер менен бул маселелер кызуу талкууланды.

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн катчысы Жылдыз Эсенбекова
Токтогул районунун эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, үй-бүлө балдарды коргоо адиси Кундуз Сайдылдаева «Зордук-зомбулукка жол жок!» — деген темада доклад окуп, энелерге кайрылуу жасады:
«Зордук -зомбулукка кайдыгер карабай, бирге токтотконго аракет жазайлы. Көп эле зордук-зомбулукка кабылган адамдар көз жаздымда калып кетип жатат. Зордук-зомбулук көргөндөр үчүн атайын 393-мыйзам бар. Ачыка чыгып айткандан уялып, айта албай жатсак бизде 111-117 номерлерге кайрылып, бекер юристтерден, психологдордон консультация алса болот.

Үй-бүлө коргоо адиси Кундуз Сайдылдаева
Даярдагандар: Аттокурова Эльбина, Асема Таалайбекова