“Айтматов кылым адамы” деген темада 95 жылдык мааракеге арналган адабий кече 8-класстар арасында таймаш өткөрүлдү.

№12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Эрке Стамалиева Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракеси жөнүндө маалымат берди:

«Адабий кеченин, таймаштын өткөзүүнүн негизги максаты, окуучулардын Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына, китеп окууга кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлдү. Иш-чарада окуучулар менен мугалимдер бирдикте Айтматовдун чыгармаларын аткарышты, баары активдүү катышышты. 8-а класстын окуучулары жогорку деңгээлде, баардык Чыңгыз Айтматовдун каармандарын сахнада көрсөтүп беришти. Таймаш өз максатына жетти деп ойлойм, алдыңкы орунду алган 8-а класстын окуучулары болду, 8-а класстын окуучулары “Тоолор кулаганда” аттуу китеби менен сыйланышты. Дагы да болсо Чыңгыз Айтматовду окуучулар арасында жайылтуу иштерин байма-бай жүргүзүп келебиз деген үмүттөмүн. Окуучулар Чыңгыз Айтматовду билишет, дагы да тереңдетип окушат деген максатта адабий иш-чараны өткөздүк, Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракеси биздин мектептин ичинде газеталарды чыгаруу, ар кандай макеттерди жасоо менен Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы жакшы белгиленди деп ойлойм».

Башталгыч классынын окуу бөлүм башчысы Чынара Жумагулова окуучулар менен мугалимдер болуп Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата башталгыч класстар 1-4 класстар “Менин алгачкы эмгек акым” деген темада театр форуму өткөрүлдү:

«Бул иш чарада окуучулар менен мугалимдер бирдикте театрлашкан сахнаны көрсөттүк. Мында окуучулардын Чыңгыз Айтматовдун тарбиялуулук балалык чагын, фразалогиялык сөздөрүн, кептерин ошондой эле чыгармаларын өздөрүнүн даражасына карата көрсөтүп беришти. Чыңгыз Айтматовдун ар бир чыгармасынан үзүнду көрсөтүп беришип,аны окуучуларга табышмактап таптырдык,тапкан окуучулар белек алышты. Жыйынтыгында окуучулар Чыңгыз Айтматов жөнүндө кеңири түшүнүк алышып, кызуугу менен чыгармаларын дагы да окушат».

Даярдагандар: Асема Таалайбекова, Дилде Таалайбекова, Эльбина Аттокурова.