“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

“Кетмен-Дөбө өрөнүндөгү Чоң-Арык айылындагы аялдар кеңеши жигердүү иш алып барууда”

15 Декабрь 2023 жыл 15:52
Көрүүлөрдүн саны: 1089

Чоң-Арык айылындагы аялдар кеңеши, аялдар кеңешинин төрайымы, айыл өкмөт катчысы, депутаттардын төрайымы, соц адистер жергиликтүү кыз-келиндер менен кеңешме өткөрүштү. Алар негизги маселе таштанды боюнча кеңири талкуулашты. Эң көйгөйлүү маселе: таштандыларды айыл ичине кийимдерди, майлык-дасторконду, памперсти, арткан тамак-аш калдыктарнын таштабай токтотуу керек. Таштанды чогултуучу машина бармайынча жол-белге таштаганды токтотолу. Үйдөн чыккан аял-затына таандык таштандыларды иргейли.


Жергиликтүү айылдык депуттардын төрайымы Анара Жумалиева ар бирибиз жашаган турак-жайыбыздын айланасын, жолдорду, көчөлөрдү таза сактап, тазалап, шыпырып жыйнап, көчөлөрдө ишембиликтерди ар жуманын бир күнүн белгилеп өткөрүүнү айтты:
“Энелердин, аялзатынын айыл аймагына кошкон салымы” деген саамалык менен тазалыкты сактап, таштандыларды иргеп ар жуманын ишемби күндөрү көчөлөрдө ишембиликтерди уюштуралы. Ар бир көчөдөн лидер шайлап 54 Жарлык боюнча жана тазалык боюнча иштерди жүргүзөлү.

Аялдар кеңешинин төрайымы Турсункан Досуева эң башкы айта турган нерсе ысырапкорчулука жол бербөөнү сунуштады:
“Кийит-кече, салынбаган жолук, колдон-колго өткөн таттуу конфет, печеньяларды, срогу өтүп кеткен конфеттерди алып барганды токтотуу керек, ошону менен бирге жамандыктарда ашыкча дасторкон жайнатып салат, мөмө-жемиштерди койгонду, киши башына жилик тартып, шаан-шөкөт кылганды токтотуу керек. Анын ордуна жамандыка барганда 100-200 сом болобу чогуу чогултуп бергенди үйрөнөлү. Жергиликтүү калк тамак үчүн барбаңыздар, алыстан келгендер тамактансын. Той-топурда ашыкча түштөндүрүү дегенди токтотолу, акчалай берип, тамак-ашты ысырап кылбайлы. Жыйынтыгында жалпыбыз ашыкча ысырапкерчилике жол бербейли”.

Даярдагандар: Асема Таалайбекова, Эльбина Аттокурова, Азема Кудуева.