Ички иштер министрлигинин атчан аскеринде 66-жыл, анын 30у Москва шаары боюнча 1-оперативдик полиция полкунун ардагерлер кенешиниш төрагасы, Улуу ата-мекендик согуштун ардагери, отличниги, жаш атчан жоокерлерди даярдап, жаш аттарды согушка, андан кийин 1945-жылы Жениш парадына даярдаган легендарлуу инсан Ороз Мамралиев. Ал күчкө, билимге жана тажрыйбага бай, отставкадагы милициянын подполковниги Ороз Мамралиев Токтогулдун кулуну болгон. Ороз Мамралиев Кетмен-Дөбө өрөнүндөгү Мазар-Суу айылында туулган, бир тууган иниси Нияз Мамралиев Терек-Суу айылында жашап 90 жашында каза болгон.

Жеңиш күнүнө, Маршал Жуковго ат таптап даярдаган Ороз Мамралиев
Ардагерлер курамында 216 адам болгон. Алардын арасында согуштун 48 катышуучусу болгон. Эми мен жалгыз калдым деп эскерген. Мен өзү Кыргызстандын Кетмен-Дөбө өрөөнүндөгү Мазар-Суу айылынан болом. Ата-энем карапайым кишилер болгон. Мен беш жашка чыкканда чоң апам мага кичинекей тайды белеке берген. Ошол убактан баштап атка кам көрүп баштадым. Убагында жем чөбүн берип, тарап, жууп тазалап баштагам. Жылкы менин бактылуу тагдырым. 1933-жылы жети жашар бала, орто мектепке кирип, 1941-жылы 7-классты бүтүргөн .Сельсоветте секратарь болуп иштеп, Жалал-Абадагы ветеринардык окуу жайды бүтүрүп, 1944-жылы армияга барган. Согушка аттарды даярдап, атчандар полкунда калган. Алардын аскерлери 3- Белорусь фронту деп аталып, Чыгыш Пруссияга чейин жетишкенде, согуш аяктаган. Алты атчан инструкторду алып калып Жеңиш күнүнө аттарды даярдоого приказ берилген. Ал Маршал Георгий Жуковдун атын Жениш күнүнө даярдап, алтын саатты белекке алган. Ал Константин Рокоссовский, Семен Буденый атактуу командирлерге да кызмат кылган. Алгачкы жолу Сталин менен дагы жолугушкан. Ал Василий Иосифович авиациянын башкы маршалы Вершинин курган дачада жашаган. Ал жерде кичинекей сарайда ат багып, чабандес-инструктор болгон. Юрий Гагарин менен дагы жолугушканын, ал жерде дагы атчандар полку Юрий Гагаринди биринчи космостон учуп келгенде, тосуп алганын дагы жылмайуу менен эскерген.

Согуштун ардагери, подполковник Ороз Мамралиев
Анын тажрыйбасы “Динамо” борбордук советинде да пайдалуу болгон. СССРдин алты чеберин жана 12 мастер кандидатын даярдаган. 1984-жылы 4-патрулдук полктун бөлүм башчысынын орун басары жана штабдын начальниги болуп ардактуу эс алууга чыккан. Ал аялы менен 66 жыл жашап аялы каза болгондо инсульт оорусуна кабылган. Баласы Сергей ички аскерлерде кызмат өтөп, инженер болуп иштейт. Небере кызы Россиянын Борбордук банкында иштейт. Ороз Камбаралиевдин 95-жашы Москвада Кыргыз диаспарасынын жана атчандар полкунун катышуусунда белгиленген. Жакын арада 14-декабрда легендарлуу ардагер Ороз Мамралиев 97-жашында Москва шаарында дүйнө салды.

Ороз Мамралиев небереси Айгүл Калманова менен
Даярдагандар: Азема Кудуева, Эльбина Аттокурова