“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

«Жогорку кеңештин сыйлыгын алган агай.»

20 Декабрь 2023 жыл 18:00
Көрүүлөрдүн саны: 1179

Өз кесибин сүйгөн агай Керим Шайлообаев 40жылдан бери Турусбек мектебинде иштейт.Ал 1954-жылы 12-декабрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ак-Жар айылында туулган. Үй бүлөлүү,жолдошу Бүбүжан Кыдырмаева да,ушул мектепте тарых сабагынан мугалим болуп пенсияга чыккан.Жети баласы бар 5кыз, 2уул.


Шайлообаев Керим агай жубайы Бүбүжан Кыдырмаева менен.

2023-жылдын 19-декабрында Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинин мугалими Шайлообаев Керим агайга Жогорку Кеңештин сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Сыйлыкты тапшыруу үчүн Токтогул райондун билим берүүнүн жетекчиси Астра Боржуева катышты. Шайлообаев Керим агай өзүнүн алгачкы ийгиликтери жөнүндө биз менен бөлүштү:

Билим берүү уюмунун башчысы Астра Боржуева менен Шайлообаев Керим агай.

“Сүрөт тартканга мен кичинекейимден эле сүрөт сабагы болуп, ал убакта сүрөт мугалими жок эле башка кесиптин мугалимдери эле сабак берчи, ошондо бир сүрөттү коюп ошону тарткыла деп баарыбызга көрсөткөн, мен жакшы тартсам керек эжекебиз мени аябай мактаган сен келечекте сүрөтчү болот экенсин деп, ошол эженин сөзү мага шык берген ошондон кийин мен сүрөттү улантып кеттим. Мен 1961-1969-жылы Жоомарт Бөкөнбаев мектебин бүтүп,1970-жылы Фрунзе шаарындагы С. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында 4 жыл окудум, 1975-77-жылы аскердик кызматымды Москва шаарындагы”Тамановский танковый дивизияда”кызмат өтөдүм, 1978-жылы Карл Маркс(азыркы Турусбек) мектебинде иштей баштадым.Алгачкы жылдары эле семинарлар көп болчу Дөөлөтбек Турдумамбетович деген заврайоно агайыбыз бар эле. Менин сүрөттөрүмдү көрүп ишимди туура баалап,РайОНОнун бир нече громаталарына ээ болдум,1985-жылы областтык ардак громатасы менен андан кийин райондун ардак тактасында сүрөтүм илинип турду, өзүм райондук мектептерден биринчи болуп”Графикалык сүрөт”кабинетин түздүм, ошол кабинетти жасалгалаганым үчүн эл агартуунун отличнигине көрсөтүлгөм.Азыркы учурда 20дан ашык окуучум бар облустук жана республикалык биринчиликтерди алгандар дагы бар.Мен сүрөткө кызыкпаганымда мал доктур болгум келчү”-деди ал маегинде.
Агайдын адистик чеберчилиги, тажрыйбасы,ошондой эле өз кесибин сүйгөндүгү агайдын ар бир сабагынын жугумдуу жана натыйжалуулугу сүрөттөрүнөн көрүнүп турат. Керим агай көп жылдар бою райондогу сүрөт жана чийүү секцияны жетектеп, көп салымын кошту.

Шайлообаев Керим агай интервью убагында.

Керим Шайлообаев агайдын окуучусу Медина Турарова маегинде мындай деди:
“Мен башында сурөткө кызыкпайт элем, кичинекей кезимде ата-энем сүрөт кружогуна алып барганда ошого катышып,кызыгып кеткем. Мен негизи сүрөт деле тарта алчу эмесмин,анан башкалардын сүрөтү меникинен жакшы болгонун көрүп,абдан намыстанып кеткем,ошондон баштап тартып баштагам.Сүрөт тартуучулук өнөрүмдүн дагы келечекте көп кереги тиер,бирок мен аны негизги кесип катары алып кете албайм.Себеби мен келечекте авиационный жакта кызмат өтөгүм келет. Мен тарткан сүрөттөрүм менен конкурстарга, мектептин иш-чараларына активдүү катыштым. Сүрөткө 8 жашымдан баштап катышканмын, буга ата-энем каршы болгон эмес тескерисинче колдоп,жардам берип,сүрөткө болгон кызыгуумду арттырып турушкан”.

Окуучусу Турарова Медина.

Агайдын эң мыкты сүрөтчүсү Аяна Кадырбаева Республикага барганы жөнүндө айтып берди:
“Мен биринчи сүрөткө кызыгуумдун себеби айнектеги гүлдү тартканымда агай мени аябай мактаган ошондон баштап кызыгуум пайда болгон.Бул сүрөт мага жөн гана хобби мен стюардесса болоюн деген ниетим бар.Бул өнөрүм боюнча районого жана республикага барып,орундарга илинип келдим.Мен Республикага барганымда абдан сонун сезимдер болгон, көптөгөн мактоо баракчалардын ээси болдум. Сүрөттү 12 жашымда тарта баштагам”.

Окуучусу Кадырбаева Аяна.

Даярдагандар: Арууке Эсенбекова,Эльбина Аттокурова.