Токтогул районунун билим берүү бөлүмүндө жаны жетекчи шайланды. Билим берүү бөлүмүндө көп жылдан бери иштеп келген Боржуева Астра Какеновна өзүнүн билим берүүдөгү алгачкы кадамдары, пландары жана алгылыктуу иштери менен бөлүштү. Азыркы убакта окуучулардын билим сапаты ЖРТга болгон даярдыктар,монторинг,олимпиадаларга да кеңири токтолду.

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Астра Боржуева.
“Мен 2004-жылдан бери Токтогул районундагы билим берүү бөлүмүндө эмгектенип келем. Ушул бөлүмдө иштегениме 15 жыл болду, ал эми педагогикалык стажым 33 жыл. Учурда жетекчи болуп келгенден кийин алдыга койгон максаттарым көп,эң биринчи эле билим берүү системасындагы окуучулардын билим сапатын жогорулатуу,окуучулардын билимге болгон кызыгууларын арттыруу. Бүгүнкү күндө балдардын тарбиясына көнүл буруу менен окуучуларга тарбиялык мааниси бар нарктуу,салттуу иш-чараларды байма-бай өткөрүү менен окуучулардын тартибине көнүл буруу. Окуучулардын билим сапатын көтөрүү үчүн албетте мугалимдердин квалификациялык талапка жооп бериш үчун атайын курстардан өткөруп туруу,ошондой эле окуучуларды республикалык тестирлөөгө даярдоочу критерийлер бар .Ошолордун негизинде мугалимдерге милдеттендирүү менен жоопкерчиликтерин күчөтүп окуучулар менен тыгыз иш алып баруу. Окуучуларды ЖРТга даярдоо бул өзү жолго коюлуп калган маселе, жылдан жылга ЖРТга даярдоо боюнча окуучулар , мугалимдер деле жолдорун таба билип калышты,ошондуктан ошол жол менен эле кете беришсе даярдыктар жакшы болот.
Райондук билим берүү бөлүмүндө акыркы 10 жылдан бери жакшы иштер болуп келе жатат. 2013-2023 жылга чейин 10 жыл аралыгында райондук билим берүү бөлүмү ар бир жылы областта 1-2 орунду бербей келебиз,албетте бул орундар жон эле жерден келген жок. Ошол билим берүү системасындагы жетишкендиктер болгондуктан областык денгээлде ушундай ийгиликтерге жетишип келебиз. Жаңы жылдан кийин 2- жарым жылдык башталаар менен эле бизде буюрса олимпиадабыздын райондук этабы башталат.Буга чейин мектеп аралык олимпиадалар өткөрүлдү. Райондук олимпиадабызды жакшы өткөрүп алып, областык этабына даярданып жакшы ийгиликтерди жаратып буюрса республикалык этабына окуучуларыбызды даярдоо менен иш алып барабыз”- деди ал маегинде.
Астра Боржуева алдыдагы боло турган олимпиадаларга жакшылап даярданып,республикадан жакшы ийгиликтерге жетишип алдынкы орундардын ээси болобуз деди .

Даярдагандар:Арууке Эсенбекова, Азема Кудуева.